Лицензияланган питомниктер
Бул бөлүмдө сиз “Кыргыз Республикасынын үрөн чарбалары жөнүндө жобого” ылайык Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин агрардык өнүктүрүү боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан аккредитацияланган лицензиясы бар питомниктердин маалыматтарын таба аласыз. Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз https://sady.kg/kg/category/maanilyy/ukuktuk-aktylar/).
МААЛЫМАТ ҮЧҮН:
Аныктама:
Лицензияланган питомниктер/үрөнчүлүк чарбалары – бул Жобого ылайык үрөнчүлүк чарбага/питомникке коюлган талаптарга (критерийлерге) жооп берген бир же бир нече түрдөгү мөмө/жемиштердин көчөт материалдарын өстүрүүчү жана сатуучу чарбалар (Жоболор боюнча толук маалымат https:// sady.kg/category/vazhnoe/npa/)
Лицензияланган питомник статусун алууну каалагандар үчүн:
Үрөнчүлүк чарба статусун алуу үчүн кайрылган юридикалык же жеке жак электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталындагы интернет-маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу арыз берүүгө укуктуу.
Статустан ажыратуу:
Үрөнчүлүк чарба статусунан ажыратуу Кыргыз Республикасынын “Үрөндөр жөнүндө”, “Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө”, “Химизациялоо жана өсүмдүктөрдү коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын талаптары аткарылбаган учурда жүргүзүлөт жана «Кыргыз Республикасынын үрөн чарбалары жөнүндө жобого» ылайык.